Жаңылыктар
Бишкектеги эски аянтта “күрөш фестивалы” өттү
Спорт
Бишкектеги эски аянтта “күрөш фестивалы” өттү

Спортчулар спорттун тогуз түрү боюнча күч сынашып, мастер-класстар уюштурулду. Спорт - биримдикке жана сергек жашоого үндөгөн күч. Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн спорттук иш-чаралар буга жакшы мисал боло алат. Борбордук Ала-Тоо аянтында концерттик программа болуп жатканына карабастан, “Күрөш фестивалы” көпчүлүктүн көңүлүн көбүрөөк бурду. 

Мында келгендерге 17 спорттук мектеп жана федерациялардын спортчулары күрөштүн 9 түрү боюнча көрсөтмө оюндарын тартуулашты. Атап айтканда, таэквандо, айкидо, кыргыз күрөш жана башкалар.

Майрамга карата уюштурулган спорттук иш-чаралар концерттик иш-чаралар менен жыйынтыкталды.