Жаңылыктар
Бүгүн Мусулмандардын ыйык күнү болгон Курман-Айт майрамы
Дин
Бүгүн Мусулмандардын ыйык күнү болгон Курман-Айт майрамы

Курман айт - жалпы майрам катары кызыл менен белгиленип, жыл сайын эс алуу күнү деп жарыяланат. Таң эрте өлкөнүн бардык аймактарында миңдеген кишилер катышкан айт намаздары окулуп, андан соң бата тилеп, курмандык чалынууда. Мусулмандар бул күнү жакшы тилек айтып, үйлөргө айтташат.

Көзү өтүп кеткен адамдарга куран окулат. Шарият боюнча Курман Айт майрамында союлган малдын 3 төн бир бөлүгү кайрымдуулук иретинде муктаж балдарга, карылар үйүнө, колунда жок бүлөлөргө, жетим-жесирлерге таратылат. Майрамга карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүп, эл көп чогулган коомдук эс алуу жайларында тартипти сактоо үчүн коопсуздук чаралары бекемделген. Ички иштер министрлиги 2 миңге чукул милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатканын билдирди.