Жаңылыктар
А.Атамбаев Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты
Билим
А.Атамбаев Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты

Президент Алмазбек Атамбаев 1-сентябрь билим күнүнө карата Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылына барып, анда жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Өлкө башчы окуучуларды, мугалимдерди билим күнү менен куттуктап, жаңы мектеп келечекте кыргыздын чыгаан уул кыздарын тарбиялап чыгара турган билим берүү жайы болсун деп тилек кылды. Эске салсак, Алмазбек Атамбаев Чоң-Таштагы Сүймөнкул Чокморов атындагы мектебине мындан туура бир жыл мурун келген. 

Анда айыл тургундары, мугалимдер мектептин эскилиги жеткенин айтып, жаңы имарат куруп берүүнү суранышкан. Өлкө башчынын тапшырмасы менен курулуш иштери быйыл жазында башталып, 38 млн 600 миң сомго 150 балага эсептелген жаңы мектеп курулду. 

Окуу жайда жарык, кенен класстар, спорт зал, лаборатория, китепкана жуунуучу жай жана ички ажатканалар камтылган. Алмазбек Атамбаев куру кол келбей, мектепке интерактивдик такталарды жана 300 даана адабий китептерди белек кылды. Мектепте билим күнүнө карата коңгуроо кагылды.