Жаңылыктар
Кыргыз-казак айтышында жаш төкмө акын Асылбек Маратов баш байгеге ээ болду
Маданият
Кыргыз-казак айтышында жаш төкмө акын Асылбек Маратов баш байгеге ээ болду

Кыргыз-казак айтышы жыйынтыкталды. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда төкмө акын, маркум Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган кыргыз-казак акындарынын айтышы 30-31-августта өттү. 

Байгеге эки миллион сом коюлган XI- эл аралык айтышка кыргыз тараптан 8, казактардан 8 төкмө ырчы катышты. 31-августа экинчи айлампада төрт акын тандалып, жыйынтыгында Баш байге Асылбек Маратов менен Мухтар Ниязовго, 1-орун Амантай Кутманалиев менен Рүстөм Кайыртай уулуна, 2-орун Болот Назаров менен Сара Токтомушовага, 3-орун Идрис Айтибаев менен Айбек Калиевге ыйгарылды. Айтышта төрт орунга чейин бирдей суммада кош байге коюлду. 

Баш байгеге жана биринчи, экинчи, үчүнчү орундарга сыйлыктар ар бир элдин бирден акындарына ыйгарылды. Мындай кош байге эки элдин акындарын тең нааразы кылбоо максатында "Айтыш" коомдук фондунун демилгеси менен 2008-жылдан бери уюштурулуп келатат.