Бүгүн өлкөдөгү бардык мектептерде жаңы окуу жылынын алгачкы коңгуроосу кагылып, кезектеги окуу жылы башталды. Бул күн "Билим күнү" катары белгиленет. Расмий түрдө "Билим күнү" 1984-жылдан тартып белгилене баштаган.
Бул күнү мектептерде алгачкы коңгуроо кагылып, «Менин мекеним -Кыргызстан » темасында тарбиялык сабактар өткөрүлөт. Ал эми 2-3- сентябрь дем алыш күндөрүнө туш келгендиктен, мектептерде, окуу жайларында толук кандуу окуу 4-сентябрда башталат.