Жаңылыктар
Медицина тармагы инвесторлорго муктаж
Ден соолук
Медицина тармагы инвесторлорго муктаж

Бирдиктүү иш алып барганда гана жемкорлукту жоё алабыз. Мындай пикирин саламаттык сактоо министри маалымат жыйынында билдирди. Таланбек Батыралиев учурда мекемеде коррупцияга каршы иш аракеттер колго алынганын айтып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган айрым кызматкерлер жумушунан кол жууганын белгиледи. 

Министрдин айтымында, бул көрүнүшкө системалык түрдө каршы туруу гана натыйжа берет. Ошол эле учурда Батыралиев каражаттын тартыштыгына карабай быйылкы жылы аймактарда бир топ оорукана ачыла турганын билдирди. Саламаттык сактоо министринин пикиринде тармакты жетиштүү деңгээлде каражылоо максатында инвесторлорду тартуу зарыл. 

Себеби бөлүнгөн каражаттын көбү маяна менен. Мындан тышкары онкологиялык илдеттер үчүн быйыл нурлантуу терапиясына зарыл болгон жабдуулар алынаары белгилүү болду.