Жаңылыктар
Ош: Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар социалдык мекемелердин ачылыштары болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: Эгемендүүлүк күнүнө карата  бир катар социалдык мекемелердин ачылыштары болду

Ош шаары-акылдуу шаарга айланат. Улуу Жибек Жолундагы байыркы Ош шаарын дүйнөгө таанытуу аракеттери улантылат. Бул туурасында премьер-министр Сапар Исаков, Оштогу бир катар мамлекеттик мекемелердин имараттарынын ачылышында билдирди. 

Көз карандысыздык күнү арапа күнгө туш келгендиктен, Ошто майрамдык программанын негизги бөлүгү кечки саат 8ге белгиленген. Иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков катышты. Өкмөт башчылык иш-сапарын Ош жергесинен баштаган Сапар Исаков, калаа тургундарын эгемендик күнү менен куттуктап, майрамдык программага күбө болду. Майрамдык салтанаттын расмий бөлүгүнөн кийин, премьер-министр Оштогу бир катар социалдык мекемелердин имараттарынын ачылыштарына катышты. 

Кош келген майрам күнү шаардыктарга белек болчу жаңы көпүрөнүн кызыл лентасын өкмөт башчы Сапар Исаков кесип берди. Бул - акыркы эки жыл ичинде курулган 3-чү көпүрө. Аз убакыттын ичинде Ош шаары Борбордук Азиядагы эң өнүккөн шаарлардын катарын толуктай тургандыгын айткан, өкмөт башчы, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырып шаардын инфраструктурасын жакшыртууга камкордуктар көрүлөөрүн билдирди. 

Андан соң, өкмөт башчы 50 орундуу бокс жана оор атлетика мектеп-интернаты менен, Нурматовдон Монуев көчөсүнө чейинки унаа жана вело жолду ачып берди. Белгилеп кетүүчү жагдай, дал ушул социалдык обьектерди куруу демилгелери -өкмөт тарабынан көтөрүлгөн. Оштун көчөлөрүндөгү унаа тыгындарын кыскартууга максатталган мындай көпүрөлөрдү куруу муктаждыгы дагы да сакталууда. Калаага күнүнө 100 миң унаа кирип чыгат. Ал эми, шаарда жарым миллиондон ашуун калк жашайт.