Жаңылыктар
Борбор калаанын “Калыс-Ордо” жаңы конушунда жаңы мектептин ачылышы болду
Билим
Борбор калаанын “Калыс-Ордо” жаңы конушунда жаңы мектептин ачылышы болду

“Калыс-Ордо” жаңы конушунда дагы жаңы мектеп ачылды. 86- мектептин салтанаттуу ачылышы 1-сентябрда болуп, ага шаар мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев, Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышты. 

Калаа мэри жаңы мектептин курулушуна салым кошкон кытайлык TBEA компаниясына ыраазычылык билдирип, анда билим алуучуларга ийгилик каалады. Мектеп бир сменде 600 орунга ылайыкташкан. 

Мында окуу эки сменде болот. Мектептин курулушу 2015-жылы кытай грантына башталган. Шаардык бюджеттин эсебинен мектептин ички инженердик байланыштары, электр өткөргүчтөр жасалган.