Жаңылыктар
Өлкө аймактарында Курман айт майрамы белгиленип, айт намазы окулду
Дин
Өлкө аймактарында Курман айт майрамы белгиленип, айт намазы окулду

Өлкөнүн бардык аймактарында да Курман айт майрамы белгиленип, айт намазы окулду. Таң эрте Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Курман айт намазы окулду. Быйыл айт намазга келгендер жылдагыдан көп болду. Намазга облус башчысы баштаган бир топ жетекчилер жана облус казысы Абдулазиз Закиров катышты.

Айт намаздын соңунда мындагылар бири-бирин майрамы менен куттуктап, өлкөнүн өнүгүүсүн, улуттардын ынтымагынын бекемделишин жана тынчтык, биримдик тиледи. Буга чейин Курман айт намазы мечиттерде окулуп келсе, быйыл шаардын борбордук аянтында окулду. Ал эми коомдук коопсуздукту күч органдары камсыз кылды.