Жаңылыктар
Баткенде жер көчкү коркунучу жаралууда
Өзгөчө кырдаал
 Баткенде жер көчкү коркунучу жаралууда

Баткен районуна караштуу Дара айыл аймагынын Кожешкен дарыясынын түштүк тарабында жер көчкү түшүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, бийик дөңсөдөн жарака пайда болуп, кооптуу делген жерден бир үй-бүлө туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Аталган үйдө 7 адам жашап келген. Мындан сырткары, дагы 3 турак үй ӨКМдин адистеринин көзөмөлүнө алынган. Жарака кеткен дөңсө менен турак үйлөрдүн аралыгы 20-30 метрге жетет.