Жаңылыктар
Өкмөт Өзбекстан менен чек аранын такталган аймактарын бекитүү боюнча иштерди баштады
Чек ара
Өкмөт Өзбекстан менен чек аранын такталган аймактарын бекитүү боюнча иштерди баштады

Кыргыз өкмөтү Өзбекстан менен чек аранын такталган аймактарын бекитүү боюнча келишимди даярдоо боюнча иштерди баштады. Тиешелүү тапшырманы премьер-министр Сапар Исаков бергенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, премьер-министрге чек араны тактоо иштери боюнча өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат берди. Анын айтымында, Бишкек жана Ташкент шаарларында эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өткөн. 

Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлган. 16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келген. Анда кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюу чечими кабыл алынган эле. Бул соңку тогуз жылдан берки алгачкы өкмөт аралык жолугушуу болгон.