Жаңылыктар
Германияда эң бийик сепил курулду
Дүйнө
Германияда эң бийик сепил курулду

Германиянын Дуйсбург шаарында бийиктиги 16,7 метрди түзгөн дүйнө жүзүндөгү эң бийик сепил курулуп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Маалыматка караганда, сепилдин курулушуна 3 жарым миң тонна кум колдонулган. 

Анда бир нече өлкөнүн архитектуралык элементтери түшүрүлгөндүктөн, куруу иштерине ар улуттун скульпторлору катышкан. 5 кабаттуу үйдүн бийиктигиндей болгон сепил ал аймакта 24-сентябрга чейин турат. Буга чейин жер жүзүндөгү эң бийик сепил Индиянын Пури шаарында жайгашып, 14,84 метрди түзгөн.