Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев президенттин аппарат жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алды
Саясат
Алмазбек Атамбаев президенттин аппарат жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев президенттин аппарат жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алды. Жолугушууда мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенишүү аркылуу түрдүү багыттардагы өлкөдөгү стратегиялык милдеттерге тиешелүү президенттин тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды. 

Мамлекет башчысы аппарат жетекчиси менен 2040-жылдарга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштин жүрүшүн дагы талкуулады. Атамбаев түрдүү тармактардагы маанилүү долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырууну тиешелүү көзөмөлгө алып, аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.