Жаңылыктар
Ыр кесе: К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерватория (аудио)
Маданият
Ыр кесе: К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерватория (аудио)

Кыргыз радиосундагы "Ыр кесе" салттуу өнөр майрамы уланууда. "Ыр кесени" К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториянын мугалимдери жана студенттери улантат. Консерваториянын окутуучулары Нурзат Орозалиева, Ирина Сүйөркулова, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Акимжан Жээнбай, Эл аралык фестивалдардын лауреаты "Акак" комузчулар ансамбли, "Сезим" комузчулар ансамбли жана таланттуу жаштар катышат.

Программанын редактору Чынара Итигулова, режиссёру Жолдош Апасов, эфирге көркөмдөгөн режиссёру Жыргал Аманова.