Жаңылыктар
Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча сынак эки этап менен өткөрүлөт
Экономика
Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча сынак эки этап менен өткөрүлөт

Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча сынак эки этап менен өткөрүлөт. Бул тууралуу  өкмөт аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Адилет Акматалиев билдирди. Анын айтымында сынакка катышууну каалаган компаниялар 15-апрелге чейин документтерин тапшырышы зарыл. 

Эске салсак, өкмөт Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин иштетүүгө 1-мартта  сынак жарыялаган болчу. 

Кара-Кече жылуулук борборун куруу бул эл аралык сынак болуп жаткандыктан ал эки этап менен өткөрүлөт. Биринчи этап 1-мартта башталып, 45 күндүк мөөнөткө созулат. Бул убакыт аралыгында ири инвесторлордон арыздар келип түшөт жана алар кен тууралуу бардык документтерин даярдашат. Бул тууралуу билдирген өкмөт аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Адилет Акматалиев, сынакка катышууну каалаган компаниялар 15-апрелге чейин документтерин тапшырышы зарылдыгын айтат.

Атайын комиссия сынакка катышуунун баштапкы төлөмүн 15 млн сом –деп бекиткен.Мындан сырткары катышуучулар геологиялык маалыматтар үчүн 2 млн 300 миң сом, катышуучулардын кепилдик төлөмүнө болсо 76 млн сом төлөө талабы коюлган. Сынактын эң башкы шарттарына Кара-Кече жылуулук борборун жана Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруу милдетин алышы керек. 

Белгилей кетсек, буга чейин айтылгандай сынак өткөрүү боюнча  өкмөттүн атайын буйругунун негизинде мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Курамды вице-премьер-министр Олег Панкратов жетектейт. Комиссияга мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин ар бир фракциясынан бирден дупатат жана министрлер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  кирген.Тендердин шартына  Кара-Кече көмүр кенинен жылына 3,3 млн. тонна көмүр казып алуу талабы киргизилген. Казып алынган көмүрдүн көлөмүн Бишкек ТЭЦине да жеткирүү планы бар. Азыркы тапта тендерге катышууну каалаган чет элдик  компаниялардын саны 10го жеткен.