Жаңылыктар
Кыргызстанда "Антиконтрафакт" форум өтөт
Экономика
Кыргызстанда "Антиконтрафакт" форум өтөт

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында он төртүнөн 16-сентябрга чейин Бишкекте «Антиконтрафакт» эл аралык форуму өтөт.

Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди. Форумда өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү, анын ичинде интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу коргоо маселелери талкууланат. 

«Антиконтрафакт» эл аралык форуму биринчи жолу 2012-жылы Москвада өткөн. Андан кийин ЕАЭБге кирген башка өлкөлөрдүн төрагалыгы астында уюштурулуп келген. Быйыл V форум Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтөт.