Жаңылыктар
"Саякбай" тасмасы 7-сентябрда көрсөтүлөт
Маданият
"Саякбай" тасмасы 7-сентябрда көрсөтүлөт

«Саякбай» тарыхый тасмасынын улуттук бет ачары 7-сентябрда өлкөнүн баардык кинотеарларында болот. Бул тууралуу тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров билдирди. 

Тарыхый тасмада «20-кылымдын Гомери» аталган улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр таржымалы баяндалат. Анда башкы ролду актер Марат Жанталиев ойногон. Мындан тышкары тасмадагы негизги ролдорго Тынара Абдразаева, Галина Кетова, Рахат Божокоева, Элина Абай кызы жана Үмөт Дөөлөтов тартылган. 24-августта «Саякбай» тасмасы Эл аралык Монреаль кинофестивалында көрсөтүлгөн.