Жаңылыктар
Эл аралык фестивалдын алкагында Кыргызстанга музыкант Лео Рохас келет
Маданият
Эл аралык фестивалдын алкагында Кыргызстанга музыкант Лео Рохас келет

Дүйнө элдеринин эпосторунун IV фестивалынын алкагында Кыргызстанга эквадордук атактуу музыкант, флейтачы Лео Рохас келет. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. 

Иш-чаранын алкагында илимий-тажрыйбалык симпозиум өтүп, этнографиялык айылда жана бир нече жерде музыкант Лео Рохастын катышуусунда концерт уюштурулат. 

Пан-флейтачы Лео Рохас дүйнөгө Германияда болгон "Das Supertalent" аттуу шоуда дүң болгон. Жалгыздап күү ойногон койчумандын ыргагында "Инсеймер хьерт" композициясын аткарып, миллиондогон күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган.