Жаңылыктар
Сузак районунда 16 адам балмуздакка ууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Сузак районунда 16 адам балмуздакка ууланды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сузак районунда 16 адам балмуздакка ууланды. Маалым болгондой, 1-сентябрда тамак-ашка уулануу белгилери менен аймактык ооруканага 13 адам жаткырылды. 

Ал эми дагы үчөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Эпидемиологиялык изилдөөдөн кийин алар буга чейин бал муздак жегени аныкталган. Учурда бейтаптардын абалы жакшырып, үйлөрүнө чыгарылды. Окуянын чоо-жайы такталууда.