Жаңылыктар
Кыргызстан курамасы футбол картасынан өчүрүлөбү?
Спорт
Кыргызстан курамасы футбол картасынан өчүрүлөбү?

Футбол боюнча Кыргызстан менен Мьянма курамаларынын беттеши болбой калды. Бул оюн 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында, 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо өтмөк. 

Бирок, Футбол федерациясында маалымат жыйыны өтүп, анда өкмөт башчынын чечими менен Мьянма өлкөсүндө болуп жаткан окуяга байланыштуу, беттештин токтотулганынын башкы себеби, оюн учурунда террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген кооптонуудан улам футболдук беттеш болбой турганы айтылды. 

Семетей Султанов: "Бул беттеш өкмөт башчынын чечими менен токтотулду. Анткени "теракт" болот деген коркунуч жаралууда. Эми, оюндун болбой калганы үчүн бизге карата чара көрүшөт. Балким, техникалык жеңилүү жазат, же беттешти башка жака өткөрүүгө уруксат берет чыгар. Кувейтти ФИФА футбол картасынан өчүрүп салгандай, бизге да ушундай жаза колдонулушу мүмкүн. Баардык нерсе Азия футбол конфедерациясынан көз каранды".