Жаңылыктар
БУУ: Мьянмадан 27 миңден ашуун жаран чыгып кетти
Дүйнө
БУУ: Мьянмадан 27 миңден ашуун жаран чыгып кетти

Мьянмадан 27 миңден ашуун мусулман жаран чыгып кетти. Дагы 20 миңдейи Бангладештин чек арасында турат. Мындай маалыматты Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иштери боюнча башкармалыгы таратты. 

Уюмдун Баш катчысы Антонио Гуттериш - Мьянманын Ракхайн штатында коопсуздук үчүн көрүлүп жаткан операцияда ашыкча күч колдонулуп жатканына тынчсызданганын белгилеп, өлкө бийлиги бардык жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү. Андан тышкары, Бириккен Улуттар Уюмуна жана анын өнөктөштөрүнө жардамга муктаждарга гуманитардык жардам көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк бериши керек деген оюн айтты. Рохиндж эли менен Мьянма бийлигинин ортосундагы келишпестик бир топ жылдардан бери уланып келет.