Жаңылыктар
БШК: кол тамгаларды текшерүү убактысы аяктоодо
Шайлоо 2023
БШК: кол тамгаларды текшерүү убактысы аяктоодо

Президенттикке талапкер болуп аттангандар чогулткан шайлоочулардын кол тамгасын текшерүү бүгүн, 4-сентябрда аяктайт. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, 9-сентябрга чейин талапкерлерди шайлоого катышуусуна уруксат берүү же четке кагуу боюнча чечим кабыл алынат. 

Ушул убакытка чейин БШК 7 талапкерди расмий каттоого алды. 3 талапкердин шайлоочуларынын кол тамгасы текшерилип бүтүп, эң жакынкы аралыкта чечим чыгат. Дагы 11 талапкер чогулткан кол тамгалар текшерилүүдө. Белгилей кетсек, алгач президенттик жарышка катышуу ниетин билдирип, 59 жаран БШКга арыз менен кайрылган. Анын 11ин саясий партиялар, 48и өзүн-өзү көрсөткөн.