Жаңылыктар
Бишкекке Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапар менен келет
Саясат
Бишкекке Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапар менен келет

Эртең Бишкекке коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келет. Бийик даражалуу мейман менен президент Алмазбек Атамбаев, төрага Чыныбай Турсунбеков жана премьер-министр Сапара Исаков жолугат. Мындан тышкары бир катар мекмелер жана өкмөт аралык маанилүү жолугушуулар өтөт.

Өзбек президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары эртең башталат. Негизи кыргыз-өзбек алакасында жаңы барактар ачылып, кызматташуу жанданганы былтыр Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон иш сапарынан кийин эле айтыла баштаган. 

Жолугушууда негизги басым чек ара кызматташтыгы боюнча маселелерге жасалмакчы. Кыргыз өзбек чек арасы боюнча келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Былтыр президенттердин Самаркандда болгон жолугушуусунда чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча тапшырмалар берилген. Андан бери тиешелүү мамлекеттик мекемелер маселени жөнгө салуу багытында 16 жолугушуу өткөрүштү. 

Бул документ кызматташуу жаатындагы бардык маселелерди алдыга жылдырууга түрткү болот. 

Адистер коңшу өлкө президентинин мамлекеттик сапары тарыхый болорун жана эки тараптуу кызматташтыкты жаңы, сапаттуу деңгээлге алып чыгууга шарт түзөрүн белгилешет.