Жаңылыктар
Түп районундагы фитосанитардык лаборатория
Айыл чарба
Түп районундагы фитосанитардык лаборатория

Түп районундагы фитосанитардык лаборатория иштеп жатат. ЕАЭБ жана үчүнчү мамлекеттерге айыл чарба азыктарын экспорттоонун көлөмүн арттыруу макстында ишке кирген бул лаборатория керектүү жабдыктар жана адистер менен толукталган. Лабораторияда жер жемиш, мөмө жемиш жана токой өсүмдүктөрүнүн бардык түрлөрүн текшерүүдөн өткөргөнгө шарт бар..

Азыр мында Дыйшын айылындагы күнөсканалардын биринен алынып келинген помидорлор текшерүүдөн өтүүдө. Адистердин баамында помидорго томаттын зыянкеч күбө көпөлөгү түшүшү мүмкүн. Анткени буга чейин мындай оору Чүйдүн помидорлоруна зыян кылган.

Лабораторияга бир гана карантин адистери аркылуу эмес, жеке түз кайрылууга да болот. Мында бардык дыйкандарга, чарба бирикмелерине, керек болсо короосуна жер жемиш тиккен жөнөкөй жарандарга да эшик ар дайым ачык. Учурда энтомолОгия, нематология, гербология боюнча экспертизалар жасалып жатат.

Түп районундагы Ысык-Көл өсүмдүктөрүнүн карантин боюнча башкармалыгынын фитосанитардык лабораториясы өткөн жылы октябрь айында салынып баштап быйыл июнда ишке берилген. Бирок көп өтпөй суу, канализация жана электр жарыгы менен камсыздоодо мүчүлуштүктөр чыгып, иш ыргагына кедергисин тийгизген. Учурда бул маселелердин бары жөнгө салынып толук кандуу иштеп жатат.

Лабораторияны үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо маселеси жергиликтүү бийликке, суу чарба башкармалыгына да маалым. Андыктан бул маселени жөнгө салуу колго алынган. Негизинен бул өңдүү лабораторияны ишке киргизүүдө эл аралык стандарт эске алынып, анда эшик-терезеси, дубалынан тарта, жабдууларына чейин шартка жооп бериши керек. Бул талаптар лабораторияда толугу менен сакталган.