Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев улуттук онкология борборунун оңдоо иштерине 70 миллион сом бөлдү
Ден соолук
Алмазбек Атамбаев улуттук онкология  борборунун оңдоо иштерине  70 миллион сом бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук онкология жана гемотология борборундагы оңдоо-курулуш иштерин аяктоо үчүн Президенттин социалдык коргоо, колдоо фондунан 70 миллион сом бөлүп берүү жөнүндөгү буйрукка кол койду. 

Улуттук онкология борбору 1959-жылы курулган. Жылына 5 миңден ашуун бейтапты дарылаган борбордун дарыгерлери эбак эскилиги жеткен имараттарды үстүртөн ремонттой берип жадаган. Каражаттын бөлүнүшү менен мындагы иш жанданып, ар бир бөлүмдө капиталдык ремонт башталыптыр. Учурда имараттарды жылуулоо, инженердик түйүндөрдү реконстуркциялоо иштери жүрүүдө. 

Улуттук борбордун 15 корпусу бар. Анын экөө таптакыр жараксыз абалда. Жарым кылымдан ашуун убакыттан бери жарытылуу ремонттолбогон бөлүмдөргө 3 жүк ташуучу жана 2 адам ташый турган лифттерди коюу жагы дагы пландалып жатат. О.э., 5 кабаттан турган балдардын онкология жана гемотология бөлүмү курулат. 

Жаңы, заманбап жабдыктарды алуу үчүн дагы аракеттер бар. Онкологиялык ооруларды эрте аныктоочу, нур терапиясын жакшыртуучу жабдыктарды сатып алуу дагы пландалып жатат. Операция жана реанимация бөлүмдөрү толук модернизацияланат жана бардык керек болгон жабдыктар менен камсыздалат. 

Мамлекет башчы оор илдетке чалдыккан мекендештерибиздин дарылануу шартын жакшыртуу үчүн тиешелүү болгон баардык чараларды өз убагында чечүүнү, о.э. оңдоп-түзөө иштерин 1-октябрга чейин бүткөрүүнү тапшырган. Бейтап адамдын тез сакайышына айлана-чөйрөдөгү абал, жагымдуу шарт дагы жардам берерин айткан дарыгерлер дагы имараттардын жаңыланышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат.