Жаңылыктар
Масалиев менен Исаев президенттик шайлоодон четтетилеби?
Шайлоо 2023
Масалиев менен Исаев президенттик шайлоодон четтетилеби?

Президенттикке талапкер болууга ниеттенген Исхак Масалиев менен Канат Исаевди колдоп чогултулган кол тамгалардын жарактуулары 30 миңге жетпей калды.

Мындай чечим Борбордук Шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу талапкерлерден кабыл алынган кол тамгалардын жарактуулугун текшергенден кийин чыгарылды.

Талапкерлиги көрсөтүлгөндөр БШКнын мындай чечимине макул эместигин билдиришти. Маселени соттук териштирүү аркылуу чечүүгө да ниеттенгени болду. 

БШК отурумунда ошондой эле, бир катар талапкерлерди колдогон кол тамгалардын тиешелүү бөлүгү жарактуу деп тапты.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"