Жаңылыктар
Баш калаада «Каракчылыкка жол жок» акциясы болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баш калаада «Каракчылыкка жол жок» акциясы болуп өттү

Бишкекте «Каракчылыкка жол жок» деген аталыштагы акция болуп өттү. Бул салттуу акция - Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы - Кыргызпатент тарабынан Кыргызстанда автордук жана чектеш укуктарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын сакталышын жайылтуу максатында өткөрүлдү. 

Иш чаранын уюштуруучулары чогулган элге өзүнүн жеке чыгармаларын түзүүгө эмгегин жумшаган авторлордун укугун сыйлоого чакырды жана алардын продукциялары каракчылык, уурдоо жолу менен таратылып жаткандыгына бөгөт коюнун зарылдыгын баса белгиледи. Акция ар кандай конкурстар жана эстрада ырчыларынын концерти менен коштолду. Айта кетсек, мындай акция жылына бир жолу өтүп турат. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"