Жаңылыктар
Каримовдун көз жумганына бир жыл болду
Саясат
Каримовдун көз жумганына бир жыл болду

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун көз жумганына бир жыл болду. Каримов өткөн жылдын 2-сентябрында каза таап, сөөгү  кичи мекени Самарканд шаарында жерге берилген. Өзбекстандын Баш мыйзамы бир эле адамдын эки мөөнөттөн ашык иштөөсүнө жол бербегени менен, Каримов 25 жыл бою башкарууну колунан чыгарбай, өлкөдө темирдей тартипти сактагандыгы менен дүйнө коомчулугунун эсинде калды. Анын чейрек кылым мамлекеттик  башкаруусунда  Өзбекстан Батыш өлкөлөрү жана Россия менен   кызматташып, бирок коңшулары менен мамиле татаал  болчу дешет талдоочулар. Экономикалык, маданий  кызматташтык мындай турсун, саясий  кырдаал  мезгил-мезгили менен курчуп турганы маалым. 

Айрыкча Кыргызстан менен такталбаган чек ара жаатында мамиле татаалдашып, өзбек  чек арачыларынын   текеберлиги  чектеш аймактарда жашаган элдин  тынчын алып келгени белгилүү. Ушундай  эле  салкын мамиле  Тажикстанга  карата  жасалып,  тажик  чек ара аймактарына коюлган минадан  тажикстандыктар  жапа чегип келишкени  айтылат маалымат булактарында. Тажикстан менен  Кыргызстанда курулуп жаткан ГЭСтерге каршылыгын билдирип, чек аралык маанидеги  дарыялар Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын бирдей менчиги, суу көйгөйүн аталган мамлекеттер тартапшы керектигин жүйөө келтирип келген. Талдоочулар Каримовдун тушунда Өзбекстан жабык өлкө болгондугун белгилешет. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"