Жаңылыктар
Борбор калада айрым көчөлөр жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калада айрым көчөлөр жабылат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 5-6-сентябрда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкектин жана Чүй облусунун айрым көчөлөрү убактылуу жабылат.

Патрулдук милиция билдиргендей, "Манас" аба майданынан келген жолдо, Фучик көчөсүндө, Жаш Гвардия бульварында, Жибек-Жолу, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринде резиденцияга чейин жол кыймылына чектөөлөр кирет. Ошондуктан Башкы патрулдук милиция башкармалыгы шаар тургундарынан туура түшүнүп, альтернативалык жолдорду алдын ала тандоону өтүнөт.