Октябрь айынан баштап Россияга бара турган эмгек мигранттары милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтөт. Мындай маалыматтар бүгүн, Россиянын мамлекеттик камсыздандыруу фонду, Кыргызстандын мамлекеттик миграциялык кызматы жана мамлекеттик камсыздандыруу фонду биргелешкен макулдашууга кол коюу учурунда белгилүү болду. Республиканын мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фондунун төрайымы Жумагүл Эгембердиеванын айтуусунда, кыргызстандыктардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси 90 күнгө берилет жана баасы 1700 сом. 90 күн ичинде жумушка орношкондон кийин түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде жумуш берүүчү жакка мигранттын саламаттыгына кам көрүү милдеттендирилет.
Республиканын мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фондунун төрайымы Жумагүл Эгембердиева жетишилген макулдашуунун алкагында Жүк-200 боюнча да жумуштар алып барылып жаткандыгын кошумчалап кетти.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"