Жаңылыктар
Өзбек сумунун наркы кескин төмөндөдү
Дүйнө
Өзбек сумунун наркы кескин төмөндөдү

Өзбекстандын Борбордук банкы 1 АКШ долларынын курсун улуттук валютага карата 8100 сум деңгээлинде бекитти. Бул өткөн аптага караганда дээрлик 4000 сумга жогору. Борбордук банк сумду башка чет өлкөлүк валюталарга карата дагы девальвациялады.

Өзбекстандын президенти 2-сентябрда валюта саясатын либералдаштыруу боюнча жарлык чыгаргандан тарта сумдун куну кескин төмөндөгөн.. Өлкөдө улуттук валюта көп жылдан бери алгач ирет девальвация болууда. Ушул эле жарлыкка ылайык, 5-сентябрдан тарта өлкө жарандары акча алмаштыруу жайларында чет өлкөлүк валюталарды тоскоолдуксуз сатуу-алуу укугуна ээ болушат.