Жаңылыктар
Бекназаровго кылмыш иш козголду
Кылмыш
Бекназаровго кылмыш иш козголду

Азимбек Бекназаровго кылмыш иш козголду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, Бекназаров Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө берген деген айып менен иш козголду. Кылмыш ишинин козголушуна буга чейин интернетте тараган аудио жана видео тасмалар себеп болгон. 

УКМКнын маалыматы боюнча, мына ошол интернетке тараган аудио жана видео Алматыга экспертизага жиберилген. Бекназаров "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жалган көрсөтмө бергени аныкталды жана буга байланыштуу кылмыш иш козголду, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.