Жаңылыктар
Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү
Экономика
Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү

Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин иш сапарын утурлап, кыргыз-өзбек бизнес форуму өткөрүлдү. Ага Өзбекстандан келген 30га жакын ири ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жыйында ортодогу товар алмашуунун көлөмүн ар жыл сайын 500 миллион долларга жеткирүү керектиги белгиленди. Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгынын жанданганы экономикада байкалууда. Бирок, эки тарап тең алаканы дагы арттырууга кызыкдар. Товар жүгүртүүнүн жылдык көлөмүн 500 миллион доллардан ашыруу максат кылынууда. Былтыркы көрсөткүч 200 миллионго жеткен эмес.

Соода алаканы арттырууда бизнес чөйрөнүн кызматташтыгы өзгөчө маанилүү. Форумга коңшу өлкөнүн ири ишкерлери катышты. Алардын арасынан бирге иш алып барууга өнөктөш издеген кыргыз ишкерлери да бар.

“Кыргызстандан Өзбекстанга гранит чыгарып, кайра мармор алып келүү менен алектенем. Бажы тоскоолдуктары жоюлса деген тилектемин. Өкмөт бизнеске колунан келген бардык жардамдарын көрсөтүп жатат. Ушул өзбек ишкерлеринин арасынан кызматташууну каалагандар бар деген үмүттөмүн”,- дейт ишкер Данияр Меңдибаев.