Жаңылыктар
Газ жана нефть өнөр жайынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Газ жана нефть өнөр жайынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө

Газ жана нефть өнөр жайынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатышат. "Газпром Кыргызстан" компаниясы иши менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди ардак баракчалары, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады. 

“Газпром Кыргызстан” компаниясы газ жана нефть өндүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамына карата иши менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин ардак баракчалар, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады. Бул майрамды дүйнөдө болгону 7 гана өлкө белгилейт. Тизмеде Орусия, Армения, Белоруссия, Молдовия, Украина, Казакстан жана Кыргызстан бар. Аталган дата 1964-жылы алгач жолу белгиленген.
“Газпром Кыргызстан” компаниясы 2015-2017-жылдардагы инвестициялык программасын толук аткарып, 10 конушту газ менен камсыз кылды. Ошондо тогуз миң абонентке газ жетти. Алдыда дагы 100 миң абонентти жаратылыш газы менен камсыздоону пландаган. Мындан тышкары, “Бухара газ району - Ташкент-Бишкек-Алмата” магистралдык газ өткөргүчүндө масштабдуу курулуш жана оңдоп-түзөө иштерин жасаган. Өзбекстандын Бухара районунан башталып, Казакстан жана Кыргызстан аркылуу өткөн газ өткөргүч бүткүл Борбордук Азия үчүн маанилүү курулуш деп эсептелет.