Жаңылыктар
Кыргызстан- Өзбекстан: эки тараптуу алаканын жаңы барактары
Саясат
Кыргызстан- Өзбекстан: эки тараптуу алаканын жаңы барактары

Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгындагы тарыхый мааниге ээ болгон окуя. Өлкөгө коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки күндүк мамлекеттик иш сапары менен келди.

Бул өзбек бийлигинин акыркы 17 жылда Кыргызстанга жасаган алгачкы мамлекеттик сапары. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар келишимдерге кол коюлуп, президенттер эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн алака тууралуу пикирлерин билдиришти.