Жаңылыктар
Лео Рохас дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалынын көркүн ачты
Маданият
Лео Рохас дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалынын көркүн ачты

Бишкекте 4-дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы өтүп жатат. Иш-чаранын алкагында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эпос айтуучулар жана фольклор жанрындагы аткаруучулардын катышуусунда концерт болду. Концертте Эквадордон келген пан-флейтачы Лео Рохас да өз өнөрүн көрсөттү.

Улуттук филармониянын сахнасында 10дон ашык элдин элдик эпостору жана ар улуттун фольклордук музыкалары жаңырды. Якутиялыктар “Олонхо” эпосунан үзүндүлөрдү аткарышты.