Кыргызстанда да жоолук маселеси күн өткөн сайын актуалдуу болууда. Исламдын буйругун аткарам деген кыргыз аялдарынын кээ бирлери араптар же түрктөр кийген кийим жана баш кийимдерди кийип жатышат. Ислам динин кармануу же мусулман болуу кийим кечек менен аныкталбагандыгын дин адистери айтып келишет. А түгүл президент Алмазбек Атамбаев дагы сакал өстүрүп, кара кийим кийип жүргөндөрдү сындап, дин жүрөктө болушу керектигин билдирген.
Жоолук маселеси Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө да курч темага айланган. Тажикстанда парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Махмудсаид Убайдуллоев баш калаа Дүйшөмбүнүн дүкөндөрүндө жиджап сатууга тыюу салууга көрсөтмө берсе, андан мурдараак президент Рахмон да кара түстөгү диний кийимдерди сынга алган эле. Өзбекстандагы мамлекеттик телеканалдар да, диний жоолук салынган аялдарды “арабча кийинип жатышат” деп сынга алып келет. Хиджаб маселеси Казакстанда бир нече жылдардан бери коомдук талаш-талкууларга себеп болуп, өткөн жылы Казакстандын чыгышындагы Бөрили айылында мектеп директору 6 жаштагы кызды башындагы диний жоолугу үчүн окууга киргизбей коюп, анын үй-бүлөсү жергиликтүү бийликтер менен соттошконго чейин барышкан. Албетте улуттарды Алла Таала жараткан. Эң башкысы, ошол улуттар жолун арабдардан издебей, ата-бабалар баскан из менен эле кетсемына ошондо нарктуулугун сактап калат дешет адистер.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"