Жаңылыктар
Бүгүн Бишкекте акыйкатчылардын эл аралык форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бишкекте акыйкатчылардын эл аралык форуму өтөт

Бүгүн Бишкекте акыйкатчылардын эл аралык форуму болот. Бул туурасында өлкөнүн Акыйкатчы институтунан кабарлашты. 

Форум 6-сентябрда ордо калаада башталып, 7-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө уланат. Үч күндүк форумдун алкагында абактагылардын жана шайлоочулардын укугун коргоо жаатындагы көйгөйлөр козголот. Мындан сырткары, адистер соттук реформа боюнча ой-пикирлерин бөлүшөт. 20 өлкөнүн өкүлү катыша турган иш-чарада БУУнун Балдарды коргоо комитетинин жетекчиси Рената Винтер негизги конок болот.