Жаңылыктар
IV Бүткүл дүйнөлүк фестивалы көрүүчүлөрдүн купулуна толууда
Маданият
 IV Бүткүл дүйнөлүк фестивалы көрүүчүлөрдүн купулуна толууда

Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун IV Бүткүл дүйнөлүк фестивалы көрүүчүлөрдүн купулуна толууда.  Фестивалдын алкагында улуттук каада-салтты  чагылдырган "Кыргыз көчү" аталышындагы этнографиялык көргөзмө менен  катар "Мыкты кыргыз боз үйү" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык  тапшырылды. 

Андан соң  500дөн ашык   жергиликтүү жана чет элдик өнөр адамдары  катышкан «Маданий  ар түрдүүлүк парады болду. Ал эми 6-сентябрь күнү  фестиваль Тоң  районунун Боз-Салкын жайлоосунда,  кыргыз  элинин ит агытып,  куш салган салбуурун  оюну менен жыйынтыкталат. 

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”