Жаңылыктар
Антониу Гутерреш рохинжаларга жарандык берүүгө чакырды
Дүйнө
Антониу Гутерреш рохинжаларга жарандык берүүгө чакырды

POST1RIGHTБУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Мьянма бийлигин Ракхайн штатындагы рохинжа мусулмандарына укуктук макам жана мүмкүн болсо жарандык берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Мьянма өкмөтү рохинжалардан "бенгалдык террочулар" чыкты деп ишендирип келет. Коомчулук менен өкмөт рохинжаларды Бангладештен ооп келген мыйзамсыз мигранттар деп, алар Британ администрациясы тарабынан XIX жана XX кылымдын ортосунда көчүрүлүп келгени айтылууда. БУУнун башкы катчысы журналисттерге билдиргендей, Ракхайн штатындагы мусулмандарга же жарандык, же азырынча укуктук статус берүү маанилүү. Ошол менен аларга жакшы жашоого мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Ал Мьянманы этникалык топтордун укугун сактаган демократиялык өлкө катары көргүсү келерин белгилеп өттү.

 "Менин көз карашымда бул нерселер аймакта туруксуздашып кете турган кырдаалды жаратышы мүмкүн. Мен Мьянмадагы бийликти, жарандык жана аскер бийлигин мындай зомбулукту токтотууга чакырам", — деди Гутерреш.