Жаңылыктар
Сокулук: «Биримдик-Суусамыр» командасы 1-орунду жеӊип алды
Спорт
Сокулук: «Биримдик-Суусамыр» командасы 1-орунду жеӊип алды

Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн «Биримдик-Суусамыр» командасы Сокулуктагы көк бөрү оюнунда 1-орунду жеӊип алды.

Көк бөрүгө республиканын бардык аймагынан 40 команда катышып, кызуу оюн өткөрүштү. 20 миӊден ашуун көрүүчүлөр жана коноктор бүйүр кызыткан бул оюндун аягына чейин көрүп, өздөрүнүн сүйүктүү командасын колдоп-коштоп турушту.

Оюндун жыйынтыгында, 1-орунду Суусамырдан келген «Биримдик-Суусамыр» командасы жеӊип, баш байге болгон боз үйдү алышты. Ал эми, 2-орунду «Арашан» командасы алып, төө менен сыйланышты. 3-орунду «Биримдик-Сокулук» командасы багындырып, байгеге жылкы алышты.

«Биримдик-Суусамыр» командасынын көпчүлүк оюнчулары мурда «Сары-Өзөн — Чүй» тайпасында ойноп келишкен. 2017-жылдын башынан бери «Биримдик-Суусамыр» деген тайпаны негиздешкен.

Чүйдүн Сокулук районунда улуттук ат оюндар боюнча чоң масштабдагы спорттук мелдештер өткөрүлдү. Иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Курман айтка карата демилгеленген. Майрамга 100 боз үй тигилип, 20 миңге жакын конок жана 3 миӊдин тегерегинде спортчу катышты.