Жаңылыктар
Шайлоодо терроризмге каршы чаралар көрүлөт
Шайлоо 2023
Шайлоодо терроризмге каршы чаралар көрүлөт

Кыргызстанда коопсуздукту сактоо, шайлоонун таза өтүшүнө себеп болот.  Дал ушул жаатта президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаковду кабыл алып, президенттик шайлоону ачык жана  демократиялуу өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүү зарылдыгы, процесстин бардык катышуучулары бирдей шартта ачык атаандашып,  жарандар эркин добуш бериши үчүн толук шарттарды түзүү керектигин белгиледи. 

Ошондой эле, шайлоодо терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча алдын ала чараларды көрүүгө, ошондой эле элдин коопсуздугун сактоого карата тапшырмаларды берди. Терроризм Кыргызстанда болуп кетиши мүмкүн экенин айрым адистер эскертишсе, өлкөдө терроризм жана экстремизм коркунучун негизсиз көбүртүп-жабыртып жатышканын башка талдоочулар айтышат.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"