Жаңылыктар
Финансы министрлиги Республикалык бюджетти коомчулук менен ачык талкуулоодо
Экономика
Финансы министрлиги Республикалык бюджетти коомчулук менен ачык талкуулоодо

Финансы министрлиги 2018 - жылдын Республикалык бюджеттин коомчулук менен ачык талкуулап жатат. Бул өз кезегинде өлкө жарандарынын маанилүү делген маселеге активдүү катышуусуна өбөлгө түзүп, бюджеттин тең салмактуу болуусун шарттайт. Мындай пикирлер Бишкек шаарында өткөн  коомдук угууда айтылды. Долбоордо 2018- жылдын бюджети өткөн жылга караганда 8 миллиардга арбын каралууда. 

Адистердин белгилөөсүндө, Республикалык бюджеттин чыгашасы да кирешеси да 2017- жылга салыштырганда 2018- жылга 8 миллиард сомго арбын. Эми 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу туурасында талкуу 22- сентябрда премьер- министрдин катышуусунда өтүп, 1- октябрга чейин ЖК кароосуна сунушталат. 

Эске сала кетсек, 2015- жылы бюджеттин ачыктуулугун аныктаган эл аралык индекс боюнча Кыргызстан 2 эсе  жогорулатылган көрсөткүч менен татыктуу баага арзыган. Эми эл аралык уюм бюджеттин ачыктуулугу боюнча аныктамасын 2019- жылы чыгарат.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"