Жаңылыктар
Садыр Жапаровдун тарапташтарына карата сот өкүмүн чыгарды
Кылмыш
Садыр Жапаровдун тарапташтарына карата сот өкүмүн чыгарды

Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровдун тарапташтарына карата сот өкүмүн чыгарды. Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров акталып, сот залынан боштондукка чыкты. 

Ал эми уулу Рустам Жапаров, жакын тууганы Улан Усупов, Анарбек Бейшебеков, Айдынбек Шамшидин уулу, Байгазы Казиев, Жаңыбай Жеңишбеков жана Адылбек Исаев бир жылдык сыноо мөөнөтү менен төрт жылга шарттуу кесилишти. Сот орусиялык жарандар Калыбек Жапаров, Абдыманап Бегишев жана Эрланбек Тагаевдин ар бирин төрт жылдан күчөтүлгөн абакта жазасын өтөө боюнча өкүм чыгарды. Мурда соттолгон Чыңгызхан Кожогелдиев сегиз жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.