Жаңылыктар
Чыныбай Турсунбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту
Саясат
Чыныбай Турсунбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө да сөз болду.

Төрага - кызматташтыктын жаңы барагын ачкан алгачкы расмий иш сапары үчүн Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирип: “Эзелтен коңшу жашаган, эки бир тууган элдин мындан аркы мамилесин арттыруу үчүн мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын мааниси жогору”, – деди. 

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев парламенттер ортосундагы тыгыз мамиле эки мамлекеттин достугун чыңдайт деген оюн билдирип: “Өзбекстан Кыргызстандагы парламенттик реформалардан тажрыйба алууга кызыкдар”, – деп кошумчалады. Ошондой эле Шавкат Мирзиёев Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегацияны расмий иш сапар менен Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды.