Жаңылыктар
Бишкекте жер үстүндөгү өтмөктөр курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жер үстүндөгү өтмөктөр курулууда

Бишкекте жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруу кызуу жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, куруучулар казуу иштерин аткарып, көпүрөлөрдүн таяп туруучу мамыларын орнотуп бүттү. 

Түштүк Кореядан атайын 2 лифт сатылып алынды. Белгилей кетсек, жер үстүндөгү өтмөктөр Аламүдүн жана Мадина базарларынын жанында жакынкы арада пайда болот.