Жаңылыктар
Кыргызстан - Түркия алакалары
Саясат
Кыргызстан - Түркия алакалары

“Кыргызстандын каржылык башкаруу маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү» долбоорунун алкагында Кыргызстанга келген түркиялык өкүлдөр маалымат жыйын өткөрдү. 

Каржы боюнча түрк адистери өлкөбүздүн мамлекеттик башкаруу түзүмүн, программалык камсыздоо милдеттерин жана техникалык, эсеп процессин, мамлекеттик уюмдардагы чыгаша жана киреше системасын, салыктар өндүү бир катар аракеттерин изилдеп чыгышканын айтышты. 

Эске салсак, өткөн жылы Каржы министри Адылбек Касымалиев Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) Борбордук Азия жана Кавказ долбоорлору боюнча башкармалыгынын башчысы Али Өзгөн Өзтүрк мырза менен жолугуп, атайын келишимге кол коюлган. 

Ошол келишимдин алкагында түркиялык адистер каржы министрлигиндеги аракеттер менен таанышып, анализ жүргүзүп, өз ара тажрыйба алмашты.