Жаңылыктар
Кыргызстан - Өзбекстан: кызматташтык бекемделет
Саясат
Кыргызстан - Өзбекстан: кызматташтык бекемделет

Кыргызстан менен Өзбекстандын компанияларынын ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда 115 миллион долларлык алдын ала келишим түзүлдү. 

Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда билдирди. Тараптар соода алаканы жандандырууга кызыкдар. Мындан сырткары чек ара маселесине да өзгөчө көңүл бөлүндү. 

Ал эми Мирзиёевдин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуусунда парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө зарылчылыгы белгиленди. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков коңшу өлкөнүн президенти менен жолугушууга парламенттеги фракция башчылары менен бирге катышты. Мыйзам чыгаруу бийликтеринин кызматташтыгын арттырууга эки тарап тең кызыкдар. 

Чек арадагы тоскоолдуктарды жою маселеси Мирзиёевдин премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушуусунда да көтөрүлдү. Дээрлик 20 жылдан бери чечилбей келген көйгөй эки элди тең түйшөлтөт. Өкмөт башчысы коңшу мамлекеттин президентине бул жаатта кызматташтыкты арттыруудагы чечкиндүү кадамдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Шавкат Мирзиёев буга чейин кызматташтык солгун болуп келгенин белгилеп, мындан аркы аракеттер эки өлкөнүн жарандарына жагымдуу шарттарды түзүшү керектигин айтты. Чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө жергиликтүү бийликтердин өз алдынча иш алып баруусуна укук берүүнү сунуштайт.

Алаканы арттырууда өкмөттөн талап кылынган иштер чек ара көйгөйүн жою менен эле чектелбейт. Кыргызстан да, Өзбекстан да ортодогу товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууну максат кылууда. Былтыр 200 миллион долларга жетпеген жылдык көрсөткүчтү эми 500 миллионго жеткирүү пландалууда. Бирок, Мирзиёев аны да аз деп эсептейт. Өзбек лидеринин Бишкекке сапарын утурлап жоон топ ишкерлер келип, бизнес форумга катышты.