Жаңылыктар
Өнүгүүнүн өзөгү болгон келишимдер
Саясат
Өнүгүүнүн өзөгү болгон келишимдер

Адистер эки мамлекеттин ортосунда жетишилген келишимдерге жогорку бааларын берип, саясат, экономика, маданий гуманитардык, туризм жаатында чоң жылыштар болорун айтышууда. 

Эң башкысы 85 пайыз чек ара такталып, бул өз кезегинде ага жакын жайгашкан жергиликтүү элдин көйгөйүн чечүүгө негиз болгонун белгилеп жатышат. Мындан сырткары транспорттук каттамдарга басым жасалып, энергетика тармагын өнүктүрүүгө эки мамлекет биргелешип аракет көрмөй болушту. 

Эки президент тең бул күндү тарыхый деп аташты. Келишимдерге жетишүү убактысы мындан да эрте болушу керек эле, бирок азыр да кеч эмес. Эң башкысы жыйынтык. 

Адистердин айтымында кыргыз өзбек чек ара аймактарынын басымдуу бөлүгү көп жылдар мурун эле такталып, бирок ага жогорку жетекчилик тарабынан кол коюлган эмес. Чек ара көйгөйүн мамлекетке басым жасоого курал катары пайдаланылып келгени да талашсыз, бирок маселе эртели кеч чечилиши керек эле. 

Чек аралардагы көзөмөл өткөрүүчү бөлүктөрдөгү эреже эки мамлекетти тең канааттандырбайт. Президенттер бул тууралуу да билдиришип, жарандарга жеңилдиктерди караган шарттарды толук кандуу түзүп берүү чечимине келишкен. 

Адистер бул чечимди толук кубатташат. Анткени көпчүлүк учурда чек араларда тоскоолдуктар атайын түрдө жасалат. 

Президенттердин билдирүүсүнөн бир күн өтпөй “Достук” көзөмөл өткөрүүчү бөлүгү жөнөкөйлөштүрүлгөн режимде иштей баштаганы белгилүү болду. Эми чек арадан өтүү үчүн чакыруу телеграммалары талап кылынбайт. 

Саясий серепчилер президенттердин чек ара аймактарына жакын жайгашкан облус, дубандарды өнүктүрүү чечимин кубатташууда. Мындан кийин жергиликтүү жетекчилер өз алдынча байланыш түзүп, жаралган маселени жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөрү болот.