Жаңылыктар
Жаңы өкмөт - жаңы үмүттөр
Саясат
Жаңы өкмөт - жаңы үмүттөр

Жаңы өкмөттүн курамын парламент август айынын аягында бекиткен. Эртең алар эл өкүлдөрүнүн алдында ант беришет. Министрлер кабинетинин курамында бир топ өзгөрүү бар. 

Арасына жаш адистер кирди. Жаңы өкмөткө жаштардын келиши - жаңылануу жана өнүгүүдөн үмүт берээрин эксперттер айтышууда. 

Сапар Исаков көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш премьер-министр. Ал жетектеген министрлер кабинетинин курамына өзүндөй эле жаш чиновниктер кирди. Өкмөттүн эң жаш мүчөсү Артем Новиков 30 жашта. Албетте, министрлер кабинетинде 50дөн жогорулары да бар. Бирок басымдуусу 45 жашка чейинкилер. 

Министрлер кабинети жаштардан куралганына менен - баардыгы өз тармагынын адистери экенинен саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин маалыматы бар. 

Президент Алмазбек Атамбаев өзү менен кошо эски саясий элитаны ала кетем деп жакында эле айткан. Көп өтпөй, бүгүн миинстрлер кабинетинен жаңы жүздөргө күбө болдук. Анан дагы Сапар Исаков ишке киришээр алдында башкалардан айырмаланган жаны программасын тааныштырды. “Келечекке 40 кадам” деп аталган программа 5 жылга эсептелип, социалдык-экономикалык маселелерди чечууго, жумуш орундарын түзүүго, калктын жашоо турмушун ондоп, аймактарды онуктурууго багытталган. Жаңы өкмөт мындан тышкары, айыл, шаарлардын инфраструктурасын жакшыртып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну башкы максат катары койот.